Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен жаңы жылдык эң бийик балаты Түркмөнстандын борборуна коюлду

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен жаңы жылдык эң бийик балаты Түркмөнстандын борборуна коюлду. Ашхабаддагы балатынын бийиктиги 40 метрге жетет. Ал «Алем» маданий-көңүл ачуучу борборунун алдына орнотулду. Ал эми Ташкенттеги башкы балаты Алишер Навои улуттук китепкананын аймагына тургузулду, бою 38 метр. Ага 25  миң оюнчук тагылды. Үчүнчү… Кененирээк…

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга бул күндөрү этият болуу сунушталат

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга бул күндөрү этият болуу сунушталат. Дөңгөлөктөр сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырылган болушу шарт. Ал эми алыскы сапарга чыккандар жанына тайгактыкка каршы күрөшүүчү шаймандарды ала жүрүшү керек. Белгилеп кетсек, учурда “Сосновка” унаа өткөрүү түйүнү жол тазалоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды.

Кыргызстанда бала асырап алуунун тартиби жеңилдетилди

Кыргызстанда бала асырап алуунун тартиби жеңилдетилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирет. Анын айтымында, эми жарандар бала асырап алуу жөнүндө арызды электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу онлайн режиминде бере алат. Баланы асырап алууга корутунду берүү мөөнөтү 14 күндөн 7 күнгө чейин кыскарды.… Кененирээк…

Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкектин жолдорун кардан тазалоону улантууда

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкектин жолдорун кардан тазалоону улантууда. Көчөлөргө 600 тоннадан ашык техникалык туз чачылды. Учурда шаарда 38 атайын техника иштеп жатат. Мындан тышкары, 800дөн ашык кызматкер жолдорду кардан арылтышууда. Кар жааган күндөрү машиналар көчөнүн боюнда токтоп турган маалда кызматкерлер жолду тазалай албай калышат. Андыктан… Кененирээк…

Бишкектеги базарлардын биринде кардан жасалган унаалар жарандарды таң калтырууда

Бишкектеги базарлардын биринде кардан жасалган унаалар жарандарды таң калтырууда. Анда соода кылган катарларда кардан жасалган кымбат баалуу унаалардын моделдери пайда болду. Бул туралуу видео Instagram баракчасына жарыяланды. Алардын арасынан ташбака, анаконда, боз үй, дүйнөлүк маркадагы машина менен түтүнү бурулдап чыгып жаткан Titanic кемесин көрүүгө болот.… Кененирээк…

Ушул жылы 155 миң баланын ата-энеси «балага сүйүнчү» алды

Ушул жылы 155 миң баланын ата-энеси «балага сүйүнчү» алды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров  билдирди. Анын айтымында, 1-июлдан тарта «балага сүйүнчү» бирдиктүү терезе принциби аркылуу берилет. Башкача айтканда, жарандар жөлөк пулду эки күндүн ичинде алат. Алар жөлөк пул алууга документ чогултушпайт.… Кененирээк…

Түркияда акысыз дарылана турган кыргызстандыктардын саны 50 адамга көбөйдү

Түркияда акысыз дарылана турган кыргызстандыктардын саны 50 адамга көбөйдү. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, квота аркылуу дарылануучулар элчиликтен тандалат. Аларга Түркиядагы медициналык клиникаларда дарылоо процедуралары акысыз жүргүзүлөт. Ал эми жашаган жери, тамак-ашы, документтерге жана чет тилдерин которууга кеткен чыгымды бейтап өзү төлөйт, — деди министр.

Жайыл районунун “Сосновка” унаа өтмөгүнө убактылуу чектөө киргизилди

Жайыл районунун “Сосновка” унаа өтмөгүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кырдаал Бишкек-Ош унаа жолунун 143-чакырымында жол тайгак болуп, унаа тыгындары пайда болгондугуна байланыштуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Учурда жол башкармалыгынан 3 экипаж жана төрт техника тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Учурда аталган өтмөктө айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө… Кененирээк…