Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкектин жолдорун кардан тазалоону улантууда

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкектин жолдорун кардан

тазалоону улантууда. Көчөлөргө 600 тоннадан ашык техникалык туз чачылды.

Учурда шаарда 38 атайын техника иштеп жатат. Мындан тышкары, 800дөн

ашык кызматкер жолдорду кардан арылтышууда. Кар жааган күндөрү машиналар

көчөнүн боюнда токтоп турган маалда кызматкерлер жолду тазалай албай калышат.

Андыктан айдоочуларга чоң көчөнүн боюна унааларды токтотпоону сунуштайбыз, — дешти муниципалитеттен.