Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалда жабыркагандардын абалы канааттандыраарлык

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалда жабыркагандардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Жараат алгандардын бири Травматология жана ортопедия борборуна которулган.   Бүгүн ага операция жасалды. Эске салсак, 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалда Ички иштер министрлигинин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт.

Бүгүндөн баштап 25-декабрга чейин Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром» маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Атай Огонбаев, Курманжан жатка, Гражданский жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүндө көгүлтүр от өчүрүлөт. Чектөөлөр оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Кувейттеги эл аралык турнирде кыргызстандык дзюдочу алтын медалга ээ болду

Кувейттеги жаштар арасындагы эл аралык турнирде кыргызстандык дзюдочу алтын медалга ээ болду. Спортчу Адил Мырзаев 81 киллограммга чейинки  категорияда күч сынашты. Ал финалда Араб Эмираттарынын дзюдочусу менен беттешип, атаандашын утуп, алтын медалга ээ болду. Ал эми эл аралык мелдеш 20-декабрда Эль-Кувейт шаарында башталган.

атуу жааган кардан кийин Бишкектин жолдоруна 200 тоннадан ашык техникалык туз себилди

Катуу жааган кардан кийин Бишкектин жолдоруна 200 тоннадан ашык техникалык туз себилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, шаардын көчөлөрүн тазалоого 800дөн ашык кызматкер чыкты. Жолдорго жана тротуарларга маал-маалы менен туз себилүүдө. Жол-эксплуатациялык бөлүмдүн 38 атайын техникасы тартылды. Мындан тышкары, мэрия унаасын… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда  туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн Кыргызстанда  туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүлөрү пайда болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 20 метрге жетет. Мындай аба-ырайынан улам айдоочулар жол эрежелерин сактап, каршы тилкеге чыкпай, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүүсү зарыл.

Жайыл районунун “Сосновка” унаа өтмөгү кыймылга ачылды

Жайыл районунун “Сосновка” унаа өтмөгү кыймылга ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Убактылуу чектөө Бишкек-Ош унаа жолунун 143-чакырымында жол тайгак болуп, унаа тыгындары пайда болгондугуна байланыштуу киргизилген. Ошондой эле аталган министрлик тынбай жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондору жана ашууларында кар көчкү түшүү кооптуулугу бар… Кененирээк…

Сузак районундагы 10 айылда эки суткадан бери электр энергиясы жок

Сузак районундагы 10 айылда эки суткадан бери электр энергиясы жок. «Жалал-Абад электро» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ишембиде калың кар жааганына байланыштуу авария катталган. Учурда аталган аймактарда 8 бригада калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Райондун айылдарына бүгүн кечке чейин электр жарыгы берилет, — дешти ишканадан.

Жаңы жылды кандай кийинип тозуу керектиги тууралуу эскперттер кеңеш беришет

Жаңы жылды кандай кийинип тозуу керектиги тууралуу эскперттер кеңеш беришет. Мода тарыхчы жана маданият таануучу Александр Васильев билдиргендей, көк түстөгү кийимдерге басым жасоо сунушталат. Бул гамма келе жаткан 2020-жылга тиешелүү түс. Айымдарга такма ийиндери бар көйнөккө көңүл буруу керек. Ошондой эле кошумча жалтырактарды унутпоо зарыл.… Кененирээк…

Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштери активдүү жүрүүдө

Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу “Тазалык” ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, ордо калаанын көчөлөрүнө инерттүү материалдар себилүүдө. Учурда 38 атайын техника иштеп жатат. Мындан тышкары, 800дөн ашык кызматкер жолдорду кардан арылтышууда. Белгилеп кетсек, Бишкектеги аялдамалардын жанында кум жана туз салынган атайы челектер… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Спорт сарай курулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Спорт сарай курулду. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, объектинин курулуш иштери 2009-жылы башталып, процесс учурунда токтоп, кийин кайра жанданган. Ал эми проектини ишке ашырууга жалпысынан 63 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Белгилеп кетсек, Ноокен районунда алгачкы ирет спорт сайрай ачылды.