Өзбекстан президенти жакырчылыкты жоюуга 700 миллион доллар бөлүп берет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакырчылыкты жоюуга 700 миллион доллар бөлүүнү убада кылды. Ал бул тууралуу 24-январда жаңы парламенттеги кайрылуусунда билдирди.

 

Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстандын 34 миллиондой калкынын 15% жетишпеген турмушта жашайт. Мирзиёев пенсия, айлык көтөрүлөрүн, ооруканаларга 2020-жылдан тарта электрондук медициналык тейлөө киргизилерин да кошумчалады.

 

Өзбек президенти калк арасында сергек жашоо образын жайылтууга чакырып, алдыдагы Олимпиада оюндарына спортчуларды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүнү талап кылды. Ал ошондой эле Мамлекеттик мекемелерге көзөмөлдү күчөтө турган Коомдук палата түзүлөөрүн белгиледи.

 

Эксперттер Мирзиёев чыныгы реформаларды жүргүзбөй, популисттик билдирүүлөрдү көп жасаганын белгилеп, сындап келишет.