Ысык-Көлдө «Тез жардам» машинеси кырсыкка учурады

Ысык-Көл облусунда «Тез жардам» унаасы жол кырсыгына учурады. Бул маалыматты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү ырастады.

Милициянын билдиришинче, окуя 24-январда түшкө маал Булан-Сөгөттү айылынын кире беришинде болгон.

 

Дарыгерлер Корумду айылында жол кырсыгында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жөнөп бараткан.

«Тез жардам» автоунаасынын 62 жаштагы айдоочусу, 59 жаштагы фельдшер райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Жол кырсыгынын чоо-жайы териштирилип жатат.

 

Милициянын божомолунда, айдоочу катуу ылдамдыкта бара жатып, бурулуштан рулга ээ боло албай, дарбазаны сүзгөн.

2018-жылы август айында Бостери айылында «Тез жардам» унаасы жол кырсыгына учурап, ичиндеги бейтапты кошкондо беш адам жараат алган.

2017-жылдын октябрында «Мерседес» айдаган келин «Тез жардамды» сүзүп, ичиндеги төрт адам, анын арасында кош бойлуу аял каза болгон.