Коронавирустан коргонуу жолдору

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бир дагы учур катталбаганын белгилеп, социалдык тармактарда, ар кандай мессенжерлерден тарап жаткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, жалган кабарларды жайылтпоону суранат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Жугуштуу вирус боюнча абалга көз салуу үчүн министрликте атайын штаб түзүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кытайда пайда болгон коркунучтуу вируска байланыштуу адамдарга төмөнкү чараларды сунуштайт.

 

— колду самындап же спирт кошулган каражат менен жууп жүрүш керек;

— ооз жана мурунду жаап жөтөлүп, чүчкүрүү керек

— грипп же жугуштуу оору менен ооруган кишиге өтө жакындабоо зарыл;

— эт жана жумуртканы дыкат тазалоо керек;

— жапайы жаныбарларды, канаттууларды кармабоо керек;

— дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жана дем алуу кыйындаса дароо ооруканага кайрылуу керек.