Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын дарбазачысы Павел Матяш бишкектик «Алга» клубуна өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы маалымат таратты.
Буга чейин Матяш «Дордой» командасында ойноп келген. Дордой менен ал 2019-жылы Кыргыз Премьер-Лигасында чемпион аталган. Клуб менен футболчу 1 жылдык келишимге кол койгон. Эске салсак, Павел Матяш «Алга» клубунда 2015-жылы ойноп кеткен.