Россиянын  Челябинск облусунда катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Россиянын  Челябинск облусунда катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кырсык Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан. Жеңил унаанын ичиндеги 5 киши окуя болгон жерде каза болду. Алардын 3өө кыргызстандык, 2өө- Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары.

 

КамАЗда Казакстандын 2 жараны болгон. Экспертиза айдоочу соо болгон деген бүтүм чыгарды.