Бишкекте коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды

Бишкекте коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды. Алар райондук милициялардын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Шаар ичин 70 кайгуул унаасы кыдырып, текшерип жүрдү.   Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө… Кененирээк…

Кыргызстанда ун баасынын эң жогорку чеги көтөрүлдү

Кыргызстанда ун баасынын эң жогорку чеги көтөрүлдү. Бул тууралуу монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи сорттогу ундун 1 килограммы дүңүнөн 29 сом 50 тыйындан сатылса, чекене баа 32 сом 50 тыйындан жогору болбошу керек.   Бир жума мурда эле баалар 1… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн онлайн булактар сунушталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн онлайн булактар сунушталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилдериндеги колдонмолор Билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун сайтында жайгашкан.   Анын дареги www.testing.kg . Бул сайтта видеосабактар бар. Карантинден улам, каникулдар узара турган болсо, 8-апрелден тартып мектеп окуучулары аралыктан… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуу жанданды

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуу жанданды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, “Ак-Тилек унаа жолу” аркылуу 97, “Чон-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу – 26 жүк ташуучу машине Кыргызстанга келди.   Ал эми Кыргызстандан бул өткөрмө жайлары аркылуу 192 жүк ташуучу унаа чыгып кетти. Бул жүк… Кененирээк…