Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн онлайн булактар сунушталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилдериндеги колдонмолор Билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун сайтында жайгашкан.
Анын дареги www.testing.kg . Бул сайтта видеосабактар бар. Карантинден улам, каникулдар узара турган болсо, 8-апрелден тартып мектеп окуучулары аралыктан билим алышы мүмкүн.