Кыргызстанда ун баасынын эң жогорку чеги көтөрүлдү. Бул тууралуу монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи сорттогу ундун 1 килограммы дүңүнөн 29 сом 50 тыйындан сатылса, чекене баа 32 сом 50 тыйындан жогору болбошу керек.
Бир жума мурда эле баалар 1 сомго арзан болчу.
Бул аптада ун дүңүнөн Бишкекте жана Ысык-Көл, Чүй облустарында сатылууда. Ведомстводон белгилешкендей, унга болгон баалардын жогорулашы жалпы рыноктогу абалга байланыштуу.