Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуу жанданды

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуу жанданды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, “Ак-Тилек унаа жолу” аркылуу 97, “Чон-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу – 26 жүк ташуучу машине Кыргызстанга келди.

 

Ал эми Кыргызстандан бул өткөрмө жайлары аркылуу 192 жүк ташуучу унаа чыгып кетти. Бул жүк ташуучу машинелерде азык-түлүк, эл керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар.