Кыргызстанда бүгүн таңкы саат 8ге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыргызстанда бүгүн таңкы саат 8ге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Учурда өлкөдө жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 84кө жетти.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов жаңы вирус аныкталгандардын бардыгы обсервацияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдады.   Ошондой эле алар менен… Кененирээк…

Жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүшү мүмкүн

Жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүшү мүмкүн. Муну менен ири спорттук иш-чара пландалгандан туура бир жылдан кийин башталышы ыктымал.   Олимпиаданын тарыхында оюндар 124 жылдан бери белгиленген мөөнөттөн жылдырыла элек болчу.

Бишкекте көчөлөрдү, имараттарды дезинфекциялоо уланууда

Бишкекте көчөлөрдү, имараттарды дезинфекциялоо уланууда. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, ар бир райондо 20дан ашык көчөгө хлор кошулмасы чачылды.   Ошондой эле, жер төлөлөр, көпүрөлөр, таштанды челектери, базарлар, мечиттер, тротуарлар тазаланып жатат.

Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар

Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбордук аппараттын социалдык өнүгүү бөлүм башчысы  Майрам Мамбетова эми социалдык өнүгүү башкармалыгын жетектейт.   Анын ордуна буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгында иштеген Ренат Айтымбетов келди. Тиешелүү буйруктарга мэр Азиз Суракматов кол койду.

Учурда Кыргызстанда 8 миң 224 адам карантинде

Учурда Кыргызстанда 8 миң 224 адам карантинде. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдиргендей, алардын арасында үй карантининде болгондор дагы бар. Кечээ Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 адам аныкталды.   Жалпысынан, бул дарт менен 84 адам күрөшүүдө. Бишкек, Ош шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө… Кененирээк…