Реалдуу буюмдарды компьютерге өткөрүп кое турган тиркеме иштелип чыкты

Реалдуу буюмдарды компьютерге өткөрүп кое турган тиркеме иштелип чыкты. Твиттерге жарыяланган видеодо программист гүлгө смартфон камерасын багыттайт, тиркеме анын чек араларын аныктап, сактайт дагы дароо компьютердеги фотошоп программасына ошол бойдон өткөрүп берет.   Реалдуу жашоодогу буюмдарды компьютерге көчүрүү үчүн болгону 6,5 секунда талап кылынат.

Жалал-Абадда 1-майдан тарта ишин жанданткан ишканаларга рейд жүргүзүлүп, санэпидем талаптарды аткарбаган 10 ишкана кайра жабылды

Жалал-Абадда 1-майдан тарта ишин жанданткан ишканаларга рейд жүргүзүлүп, натыйжада санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган 10 ишкана кайра жабылды.   Шаар мэриясынан билдиришкендей, унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдө, айрым сулуулук салондорунда милдеттүү санитардык нормалар эске алынбаганы такталды. Буга байланыштуу алар кайрадан жабылды.

Жалал-Абаддын айрым райондорунда сел жүрдү

Жалал-Абаддын айрым райондорунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ кечинде  нөшөлөгөн жаандан улам, Достук айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы сугат каналынан суу ашып,  20 гектардай айдоону, 15 үйдүн короосун каптады.   Ошондой эле 1-май айылында, Кызыл-Туу, Үч-Булак, Сейит-Казы, Сейдикум айылдарында, н Кара-Дарыя айылында сел… Кененирээк…