Жалал-Абаддын айрым райондорунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ кечинде нөшөлөгөн жаандан улам, Достук айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы сугат каналынан суу ашып, 20 гектардай айдоону, 15 үйдүн короосун каптады.
Ошондой эле 1-май айылында, Кызыл-Туу, Үч-Булак, Сейит-Казы, Сейдикум айылдарында, н Кара-Дарыя айылында сел жүрдү. Жергиликтүү бийлик жана жарандык коргонуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.
Сел жүрүү коркунучу дале сакталууда.