Жалал-Абадда 1-майдан тарта ишин жанданткан ишканаларга рейд жүргүзүлүп, натыйжада санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган 10 ишкана кайра жабылды.
Шаар мэриясынан билдиришкендей, унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдө, айрым сулуулук салондорунда милдеттүү санитардык нормалар эске алынбаганы такталды. Буга байланыштуу алар кайрадан жабылды.