Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция жана аскер кызматкерлерине компенсация төлөнөт

Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция жана аскер кызматкерлерине компенсация төлөнөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. Кошумча каражаттын так суммасы жана канча кызматкер кошумча төлөмдөргө ээ болору жакынкы арада белгилүү болот. Эске салсак, буга чейин каржы министрлигинен бул максатта 446 миллион сом караларын билдиришкен… Кененирээк…

Кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган 41 медицина кызматкерге 200 миң сомдон компенсация берилет

Кыргызстанда кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган 41 медицина кызматкерге 200 миң сомдон компенсация берилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирет. Анын айтымында, ар бир жуктуруп алган учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Каратаев белгилегендей, вирус жуктуруп алып, каза тапкан 2 кызматкердин… Кененирээк…

УЕФА Кыргыз футболдук союзуна колдоо көрсөттү

Европа футболдук ассоциациясынын бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футболдук союзуна (КФС) UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун расмий сайтына жарыяланды   Ага ылайык, УЕФАнын аталган программасынын алкагында Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэни жана 700 миң сомдон ашык каражатка организациялык… Кененирээк…

Республикалык штаб өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин талкуулайт

Бүгүн, 25-июнда, Республикалык штаб өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.   Модератор министрдин орун басарына «ӨА режими киргизилеби?» деген суроо узаткан. Эске салсак, өзгөчө абал режими буга чейин 25-марттан 10-майга чейин иштеген эле.… Кененирээк…

Москвадан кайткан делегациянын вирус жуктурган мүчөлөрү ооруканага түштү

Кечээ Москва шаарынан келген кыргызстандык делегациянын ичинен коронавирус аныкталган эки адам Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына жаткырылды. Калгандары үч күндүк обочолонууда. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. “Инкубациялык учур 14 күн, делегация мүчөлөрү үч күндөн кийин анализ тапшырат, таза… Кененирээк…

Оболбек Осмонбеков Ат-башы районунан Бишкекке чейин чуркап келди

Оболбек Осмонбеков Ат-башы районунан Бишкекке чейин чуркап келди.  24-июнда 45 жаштагы спортчу ултрамарафондун маара сызыгына Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда жетти.   Ал айтып бергендей, 400 чакырымга жеткен аралыкты ал жаштарага саламат жашоону үндөө максатында чуркады. Осмонбеков  2017-жылдан бери чуркоо менен алектенип, ар кандай аралыктагы марафондорго… Кененирээк…

Ош облусунда чагылгандан бир үй өрттөндү

Ош облусунда бир үйдүн өрттөнүшүнө чагылган себеп болду. Бул тууралуу 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында болгон.   Жалпы аянты 72 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгышына чагылгандын оту себеп… Кененирээк…

Мальдив аралдары туристтер үчүн 15-июлдан тарта ачылат

Мальдив аралдары туристтер үчүн 15-июлдан тарта ачылат. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, эл аралык туристтер вируска тест тапшырбайт, жадакалса ден-соолугу тууралуу маалымкат дагы көрсөтпөйт.   Эс алуу үйлөрү конокторду санитардык талаптарды аткаруу менен кучак жайып тосуп алат. Эске салсак, Мальдив аралдары чек араларын 2020-жылдын март айында пандемия… Кененирээк…

Туруксуз аба-ырайы көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратты

Туруксуз аба-ырайы көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын облусунун Жумгал районунда жаан-чачындан улам сел жүрдү.   Суу Чаек айылында 5 үйдү жана 11 короо жайды каптады. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катуу шамал 10 турак-жайды жана мектепти чатырсыз калтырды.   Ал эми Чүй облусунун… Кененирээк…

Бишкектин Миңжылкыев көчөсүдө кыймыл татаалданды

Бишкектин Миңжылкыев көчөсүдө кыймыл татаалданды. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, анын Тыналиев менен кесилишинде жылуулук тармагында авария катталды.   Учурда жеринде “Бишкек жылуулук тармактарынын” адистери иштеп жатат. Пландалгандай, калыбына келтирүү жумуштары 1-июлга чейин жыйынтыкталат.