Кыргызстанда медициналык тез жардам кызматында унаалар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык тез жардам кызматында унаалар жетишпейт. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, техниканын жетишсиздигинен улам, медициналык кызматкерлер жарандарга өз учурунда жардам берүүгө жетишпей калып жатат.   Андан тышкары, авариядан улам   2 машине жарактан чыкты. Чиновник белгилегендей, республика боюнча 649 мобилдик бригада түзүлдү.… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 592 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 592 миллион долларды түздү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, тышкы карыз – 3 миллиард 952 миллион доллар болсо, ички бересе 640 миллион 790 миң доллар.   Өлкөнүн эң ири карызы Кытайдын эксимбанкы алдында. Белгилеп кетсек, коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаал Кыргызстанды… Кененирээк…

Ысык-Көлдө санитардык карантиндик эрежелерди сактабаган  13 жаранга айып салынды

Ысык-Көлдө санитардык карантиндик эрежелерди сактабаган  13 жаранга айып салынды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, санитардык эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүрүүдө.   Анын жыйынтыгы менен 16 протокол түзүлдү, 3 адамга эскертүү берилип, 13 жаранга 39 миң сомго айып салынды. Алар үй карантин режимин бузган. Милиция… Кененирээк…

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ишин жандантты

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ишин жандантты. Белгилей кетсек, пандемияга байланыштуу почта кызматтары 18-мартта 40 мамлекет менен, 27-марттан баштап дүйнөнүн бардык багыттары боюнча ишин токтоткон. Эл аралык почталык алмашуулар жумасына бир жолу аткарылып турат.   Буга байланыштуу аманаттар дарегине мурдагыдан кечирээк жетиши мүмкүн.

Жээнбеков Бишкекке кайтып келип анализ тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Орусиянын Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.   Санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты. Президент баш болуп алардын бардыгынын анализдери чыкканга чейин үч күн өз алдынча обочолонууда болушат. Анализинен илдет… Кененирээк…