Ошто мечиттер жабылып, базарлар жумасына эки ирет дезинфекцияланат

Ошто мечиттер жабылып, базарлар жумасына эки ирет дезинфекцияланат. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, түштүк калаанын бардык базарлары дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебейт.

 

Бул күндөрү соодай аймактарында санитардык тазалоо жүргүзүлөт. 31-июлга чейин Ош шаарындагы мечиттерде жума намазы окулбайт.

 

Ошондой эле, эс алуу жайларындагы жана соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар, бильярд залдары, интернет клубдар, караоке залдары, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды.