Дарыны компаниялар эмес, ташып келгендер кымбаттатып жатат

Бишкек мэриясы фармацевттик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, препараттардын кымбатташы боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, мэрияга калаа тургундары дарылардын баасы көтөрүлүп жаткандыгы боюнча көп кайрылышкан.

Мындан улам санитардык нормаларды сактоо менен чогулуш өткөрүүнү туура көрүшкөн. Ага аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев, фармацевттер жана укук коргоо органдары менен Финполициянын (ЭКККК) өкүлдөрү катышкан.

 

«Биз ишкерлерди дарыга суроо-талап күчөп жатканда бааны көтөрүп, алып сатарлык менен алектенбөөгө чакырдык. Препараттын наркын өзүм билемдик менен көтөргөндөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерттик», — деп айтылат маалыматта.

 

Өз кезегинде фармкомпаниялардын өкүлдөрү баа саясатын дары ташып келгендер түзөрүн белгилешкен.

Мэрия бул пикирди эске алып, препарат алып келгендер менен сүйлөшүүнү убадалады.