БШК шайлоочулардын санын жарыялады

Азыркы күнгө карата Кыргызстанда 3 миллион 407 миң 895 миң шайлоочу бар.

 

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул сан 2015-жылдагы шайлоого караганда 624 миң адамга көбөйдү.

БШК шайлоочулар 16-июлдан тарта www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталынын жана 26-сентябрдан тарта тиешелүү шайлоо участокторунан өз тизмесин тактаса боло турганын эскертти. Эгер тизмеден өзүн таппай же добуш берчү шайлоо участогун өзгөрткүсү келген жарандар болсо, тиешелүү арыз менен шайлоо комиссиясына кайрылышы керек. 28-сентябрга чейин шайлоо участокторунда шайлоочулардын акыркы тизмеси илинмекчи.

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо жарыялангандан тарта башталып, 20-августка чейин уланат. Ал эми талапкерлерди каттоо шайлоого бир ай калганда же 4-сентябрда аяктамакчы.

 

Үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүрөт.

 

3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Азыркы тапта Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар көбөйүүдө. Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат.