Өзбекстан Кыргызстанга 100 даана жасалма дем алдыруучу аппарат жана   50 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү

Өзбекстан Кыргызстанга 100 даана жасалма дем алдыруучу аппарат жана   50 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзбекстандагы элчи Ибрагим Жунусов билдирди.

 

Анын айтымында, гумжардам менен учак Ташкенттен Бишкекке жөнөтүлдү. Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылгандар көбөйүп, ооруканаларда орундар жана жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишпей жатат.

 

Аларды сатып алууга жергиликтүү ыктыярчы жарандар, уюмдар каражат чогултууда.