Кыргыз режиссёрунун «Көл» тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин «Көл» аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.

 

Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери өткөрүлүп келет, А категориясындагы дүйнөдөгү 15 кионфестивалдын катарында турат.

 

«Бул абдан чоң ийгилик, кыргыз режиссерлорунун тасмалары А категориясындагы кионфестивалдарга акыркы ирет 2018-жылы катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын фильмдери Шанхай фестивалы түзүлгөндөн бери биринчи ирет катышып жатат», — деди Төлөбеков.

«Көл» драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

 

Кинонун сценарийин Эрик Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Продюсерлери Эркек Жумакматова, Садык Шер-Нияз. Со-продюсерлер Талант Төлөбеков менен Айжан Чыныбаева.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20200704/1048898909/kol-tasmasy-festivalga-katyshat.html