Бишкекке Түркиядан 330 жаран жеткирилди. Алардын арасында жаш балдар бар, -дешти
Тышкы иштер министрлигинен. Кыргызстандыктар Стамбул — Бишкек — Стамбул
чартердик каттамы менен алынып келди. Бул учак менен дүйнөнүн 19 өлкөсүндөгү
мекендештер кайтарылды. Буга Түркияда аба каттамдар жанданганы жана
чет өлкөлүк жарандарына киргизилген чектөөлөр алынганы себеп.