Россиядан Кыргызстанга 21 медицина кызматкери келди

Россиядан Кыргызстанга 21 медицина кызматкери келди. Республикалык штабдан билдиришкендей, алар өлкөдөгү кесиптештерине коронавирус менен күрөшүүгө жардам берет. Кызматкерлер Москва — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен жеткирилди. Бул учак менен жалпысынан 425 жаран кайтарылды. Анын 33ү жаш балдар. Чет өлкөдөгү мекендештерди кайтаруу иштери тынымсыз уланууда.