Россиядан Кыргызстанга 21 медицина кызматкери келди.
Республикалык штабдан билдиришкендей, алар өлкөдөгү кесиптештерине коронавирус менен күрөшүүгө жардам берет.
Кызматкерлер Москва — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен жеткирилди. Бул учак менен жалпысынан
425 жаран кайтарылды. Анын 33ү жаш балдар. Чет өлкөдөгү мекендештерди кайтаруу иштери тынымсыз уланууда.