Быйыл мектептерде тамак-ашка бөлүнгөн каражат көбөйбөйт.
Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын айтымында, былтыр бийлик пенсия, жөлөкпул, айлык акыларды көбөйтүп, кошумча акча калган жок.
Мектеп окуучуларынын тамак-ашына чыгашаны 20 сомго чейин көтөрүү кийинки жылга пландалууда.
Эске салсак, учурда башталгыч класстын окуучуларынын тамагына аймактарга жараша бюджеттен 7 сомдон 10 сомго чейин бөлүнүүдө.