Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

ть Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Жибек Жолу, Курманжан Датка, Фрунзе, Киров, Салиев, Месароша, Коммунаров жана Фучик көчөлөрүндө электр энергиясы берилбейт. Мындан тышкары Тунгуч, Чыгыш 5 жана 8-кичирайондо, Кызыл куруучу, Дордой конуштарында жарык өчүрүлөт. Убактылуу… Кененирээк…

Жакынкы аралыкта өлкө дарыканаларына гепарин препараты таратылат

Жакынкы аралыкта өлкө дарыканаларына гепарин препараты таратылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда Өзбекстандан чыккан 10 миң таңгак гепарин Кыргызстандын фармацевтикалык компанияларынын бирине тапшырылды. Белгилеп кетсек, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандан 30 мин таңгак дары-дармек келерин билдирген. Мындан тышкары, республикада гепарин препараты 443 сомдон сатылары… Кененирээк…

Өлкөнүн 3 облусунда сел жүрдү

Өлкөнүн 3 облусунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу ташкыны кечээ Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарында катталды. Нарын-Оруктам жолунун 50-55-чакырым аралыгы жана Каракол-Эңилчек трассасынын 6 чакырымы кум шагылга толуп калды. Мындан тышкары Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдан улам каналдардан суу ашып, Дароот-Коргон айылындагы сегиз… Кененирээк…

Дүйнө байлыгынын жарымы 26 адамдын колунда

Дүйнө байлыгынын жарымы 26 адамдын колунда. Бул тууралуу Бирикке Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирет. Анын айтымында,  планета жашоочуларынын 70 пайыздан ашыгы кирешенин жана байлыктын теңсиздигин көрүп жатат. Мындан тышкары, Адамдардын ийгиликтүү болушу алардын жынысынан, тегинен, расасынан жана башка бир катар факторлордон көз каранды,… Кененирээк…

Каракол шаарында жаңы тротуар пайда болот

Каракол шаарында жаңы тротуар пайда болот. Бул тууралуу жол муниципалдык ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, Карасаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуардын узундугу 1 миң 600 метр болсо, туурасы 2 метрден ашат.  Сейилдөө аянты жолдун оң тарабында болот. Ага жергиликтүү бюджеттен 6 миллион 900 миң сом каралды. Учурда… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт

Россия Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө 51 медицина кызматкер, жеке коргонуучу каражат жана дары-дармек жөнөтөт. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жардам өлкөгө 22-июлда келиши күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин Россия биздин өлкөгө ПЦР-тест-системаларды, дары-дармектерди, медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын тапшырган.

Бүгүнтөн тартып “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмү карантинге жабылат

Бүгүнтөн тартып “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмү карантинге жабылат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 20-июлдан 2-августка чейин Баткен аймактык бөлүмү жана Баткен сектору иштебейт. Ал эми Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмдөрүндө, Лебединовка айылында жана  Бишкек шаардык бөлүмүндө айдоочулук курамды каттоо боюнча… Кененирээк…

Өлкөдө пневмониянын күч алышы дезинфекциялоочу каражаттардан эмес

Өлкөдө пневмониянын күч алышы дезинфекциялоочу каражаттардан эмес. Буга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишендирүүдө. Андан белгилешкендей, санитардык-гигиеналык тазалоо иштерине жумшалуучу каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана эпидемиологлордун көрсөтмөсү менен даярдалат. Курамында хлор бар дезинфекция үчүн даярдалган каражаттардын сертификаттары бар. Иштер бардык талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, соцтармактарда… Кененирээк…

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын карантинге жабылган бөлүмдөрү бүгүнтөн тартып кайрадан иштеп баштайт

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын карантинге жабылган бөлүмдөрү бүгүнтөн тартып кайрадан иштеп баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Унааны каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убактылуу токтотулушу жарандардын жана юридикалык жактардын техникага ээлик кылуу жана пайдалануу укугу катталган ишеним каттардын мөөнөтүнүн аякташына алып келди. Эске салсак, «Унаа»… Кененирээк…

Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан медицина кызматкерлери санаторийге жөнөтүлөт

Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан медицина кызматкерлери санаторийге жөнөтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, «кызыл зонада» вахталык ыкма менен иш алып барган медицина кызматкерлери үчүн эс алуу жана санаториялык-курорттук дарыланууну уюштуруу каралган. Мындан тышкары аларды жеткирүү үчүн транспорт уюштурулат.