Бишкекте милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар ачылды

Бишкекте милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар ачылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда калаадагы стационарлардын барында укук коргоочулар нөөмөттө турушат. Мындан улам алардын саламаттыгын көзөмөлгө алуу маанилүү. Бул жайда 40 орун бар жана ал таңкы саат 9дан кечки 7ге чейин иштейт.

Ордо калаадагы жаңы веложолчо жарыктандырылды

Ордо калаадагы жаңы веложолчо жарыктандырылды. Мэриядан билдиришкендей, Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жолчо, тагыраагы, «Ден соолук» эс алуу багынан тартып Ала-Арча дарыясына чейинки тилке эми жарык болуп калды. Аталган аймакка 176 чырак жана тирөөч орнотулду, ошондой эле 3,5 чакырым электр чубалгылары тартылды. Иштерди «Бишкек жарыктандыруу» муниципалдык ишканасынын… Кененирээк…

Араван районунда бардык коомдук тамактануу жайлары жабылды

Араван районунда бардык коомдук тамактануу жайлары жабылып, дүкөндөр кечки саат 8ге чейин иштеп жатат. Район акимчилигинен билдиришкендей, учурда санэпидем көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери базар, дүкөн, мекеме, ишканаларды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан 533 объекти текшерилди, анын138ине эскертүү берилип117сине протокол толтурулду. Тартипке баш ийбегендерге 173 миң сомго… Кененирээк…

Өлкөдө 1,5 миң медицина кызматкерин Ысык-Көлгө ден-соолугун чыңдоого жиберүү пландалууда

Өлкөдө 1,5 миң медицина кызматкерин Ысык-Көлгө ден-соолугун чыңдоого жиберүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова билдирди. Анын айтымында, учурда коронавирус менен күрөшкөн  кызматкерлердин бир бөлүгү жөнөтүлдү. Ордо калаадан 400гө жакын дарыгер эс  алууга жиберилет. Мындан тышкары өлкөнүн түштүгүндө иштеп жаткан медицина кызматкерлери… Кененирээк…