Өлкөдө 1,5 миң медицина кызматкерин Ысык-Көлгө ден-соолугун чыңдоого жиберүү пландалууда.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова билдирди.
Анын айтымында, учурда коронавирус менен күрөшкөн кызматкерлердин бир бөлүгү жөнөтүлдү.
Ордо калаадан 400гө жакын дарыгер эс алууга жиберилет. Мындан тышкары өлкөнүн түштүгүндө
иштеп жаткан медицина кызматкерлери Жалал-Абаддагы курорттук
зонада эс алса, бир бөлүгү Ысык-Көлдө ден-соолугун чыңдашат.