Ош облусунун ооруканасынын курулушу 80 пайызга аяктады

Ош облусунун ооруканасынын курулушу 80 пайызга аяктады. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, медициналык жай алдына Кара-Суу районундагы №59 лицейдин имараты өзгөртүлүп жатат.   Учурда суу өткөрүү, канализация түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүүдө. Курулушка 51 адам тартылган.

Ошто 3 миң жеке турак-жай куруу боюнча долбоор ишке ашат

Ошто 3 миң жеке турак-жай куруу боюнча долбоор ишке ашат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, үйлөр Кең-Сай конушунда пайда болот. Эл аралык донорлор Оштун муниципалдык ипотекалык ишканасы аркылуу каржылык колдоо көрсөтөт.   Насыялоонун баасы – чарчы метрине 240 долларды түзөт. Үйлөрдө жашоого бардык шарттар түзүлүп, экологиялык… Кененирээк…

БШК айыл тургундарынын Бишкекке массалык түрдө каттоого туруу фактыларын текшерет

БШК айыл тургундарынын Бишкекке массалык түрдө каттоого туруу фактыларын текшерет. Бул тууралуу 24 агенттигине ведомство жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Анын айтымында, добуш берүүчүлөрдү мыйзам бузуу менен каттоо фактылары катталса, шайлоо тилкелеринин мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылат. Эгер буга саясий партиянын катыштыгы бар болсо, ага… Кененирээк…

Кытай жүздөгөн аралдарын ижарага берет

Кытай жүздөгөн аралдарын ижарага берет. Каалоочулар Сары деңиздин жээгинде же Түндүк Кореядан алыс эмес аймактардагы аралды тандап алса болот. Бир гектардын баасы жылына 535 долларды түзөт.   Бул эң арзан вариант. Башка аралдардын баасы 3 миллион долларга жетет. Аларды туризм, балык улоо же айыл чарба… Кененирээк…

Индия туристтер үчүн эң узун автобустук каттам киргизет

Индия туристтер үчүн эң узун автобустук каттам киргизет.   Саякаттоочулар 70 күндө автобус менен 20 миң чакырым жүрүп, 18 мамлекетти кыдырып өтүшөт. Туристтер каалаган жеринен чыгып, андан кийин сапарын уланта алышат.   Автобуста жүргүнчүлөрдүн саны 20дан ашпайт. Биринчиси узак саякатка кийинки жылдын жазында чыгат деп… Кененирээк…

Кыргызстандын медицина кызматкерлери коронавирус менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн сыйланат

Кыргызстандын медицина кызматкерлери коронавирус менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн сыйланат. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 9 адамга “Даңк” медалы ыйгарылса, 21 кызматкер “Эмгек сиңирген дарыгер” наамына ээ болот.   Сыйлыкка татый тургандардын тизмесинде ошондой эле ММК өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн башчысы, дипломаттар милиционерлер бар.

31-август Эгемендик майрамына карата иш-чарага Ала-Тоо аянтына көрүүчүлөр киргизилбейт

31-август Эгемендик майрамына карата иш-чарага Ала-Тоо аянтына көрүүчүлөр киргизилбейт.   Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ушундай чечим кабыл алынганын Маданият министрлигинен билдиришти.   Ала-Тоо аянтында иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда болот. Бирок аянтка жарандар киргизилбей, мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт. Салтанат күндүз саат 10до башталып, расмий бөлүгү… Кененирээк…

Оренбург облусунан Казакстан аркылуу 1 миң 715 кыргызстандык кайтып келди

Оренбург облусунан Казакстан аркылуу 1 миң 715 кыргызстандык кайтып келди. Республикалык штабдын маалыатына ылайык, аларды 29 автобус жеткирди. Дагы 25 автобус менен 1 миң 569 мекендеш казак-кыргыз чек арасына жетип калды.   Аларды коңшу мамлекеттин жол полициясы коштоп келе жатат. Эске салсак,  27-августтан тарта Россиядагы… Кененирээк…

Бишкекте пандемияда ачылган күндүзгү стационарлардын акыркысы жабылды

Бишкекте пандемияда ачылган күндүзгү стационарлардын акыркысы жабылды. Шаардык администрация муну калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташып калганы менен түшүндүрдү.   Ага карабай мэрия элди кайдыгер болбоого чакырып, коронавирус коркунучу кете элек экенин эскертет.   Маалыматка ылайык, Бишкекте июлда ачылган стационарларда медкызматкерлер 106 миңден ашык адамга жардам көрсөттү.