Оренбург облусунан Казакстан аркылуу 1 миң 715 кыргызстандык кайтып келди

Оренбург облусунан Казакстан аркылуу 1 миң 715 кыргызстандык кайтып келди. Республикалык штабдын маалыатына ылайык, аларды 29 автобус жеткирди. Дагы 25 автобус менен 1 миң 569 мекендеш казак-кыргыз чек арасына жетип калды.

 

Аларды коңшу мамлекеттин жол полициясы коштоп келе жатат. Эске салсак,  27-августтан тарта Россиядагы жарандар авиабилеттерди эч тоскоолдуксуз кассалардан сатып алып, Кыргызстанга учуп келе алышат. Эки өлкө ортосунда аба каттамы жанданды.