Бишкекте пандемияда ачылган күндүзгү стационарлардын акыркысы жабылды

Бишкекте пандемияда ачылган күндүзгү стационарлардын акыркысы жабылды. Шаардык администрация муну калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташып калганы менен түшүндүрдү.

 

Ага карабай мэрия элди кайдыгер болбоого чакырып, коронавирус коркунучу кете элек экенин эскертет.

 

Маалыматка ылайык, Бишкекте июлда ачылган стационарларда медкызматкерлер 106 миңден ашык адамга жардам көрсөттү.