Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы мектепке кошумча корпус курулат
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы мектепке кошумча корпус курулат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Кызыл-Ата айылында жайгашкан. Бүгүнкү күнгө карата корпустун пайдубалы тургузулду. Учурда жумушчулар дубалдарды куруп жатат. Окуу корпусунун курулушу 40 пайызга жыйынтыкталды.