Өзгөн шаарында Хамза көчөсү ондоп-түзөөдөн өтүп жатат
Өзгөн шаарында Хамза көчөсү ондоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда иштер кызуу жүрүүдө. Жыйынтыгында көчөнүн дээрлик 1 чакырым тилкесине асфальт төшөлөт. Долбоордун баасы 5 миллион 560 миң сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди.