Кыргызстанда «Транспорт каражаттарын каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке кирди

Кыргызстанда «Транспорт каражаттарын каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке кирди.

Муну менен жарандар унаасын убактылуу жашаган дареги боюнча каттата алат, — дешти Мамлекеттик каттоо кызматынан.

Маалыматка караганда, «Унаа» ишканасынын бардык бөлүмдөрү ар бир аймакка таандык мамлекеттик номерлер менен камсыздалды.

Бул системанын алкагында катталган техникалар тууралуу маалыматтар чогултулуп сакталат.

Кийин ошого карап унаага анализ жана мониторинг жүргүзүлөт.