Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Жамгерчинов, Садыгалиев, Патриса Лулумба, Лев Толстой жана Кривоносов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5, Жал кичирайондорунда, Көк-Жар жана Арча-Бешик конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Кыргызстанда 1-сентябрга карата жумушсуз жарандардын саны 100 миң адамды түздү

Кыргызстанда 1-сентябрга карата жумушсуз жарандардын саны 100 миң адамды түздү. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кесип тандоо боюнча 50 миң 782 адамга консультация берилди. Анын 3 миң 700ү кесиптик окутууга жөнөтүлдү. Мындан тышкары 8,5 миң адам ишке орноштурулду. Жумушсуздук боюнча 215 жаранга жөлөкпул дайындалган.… Кененирээк…

Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында тазалоо иштери жүрүүдө

Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Эске салсак, 900 миң куб метр таш аралаш жер кыртышы активдешти. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугуна түшүп, электр зымдары зыянга учурап, аталган тилкедеги жолду жаап калган. Жабыркагандар жок. Тилкеге… Кененирээк…