Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында тазалоо иштери жүрүүдө

Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында тазалоо иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Эске салсак, 900 миң куб метр таш аралаш жер кыртышы активдешти. Көчкү Кара-Кече

дарыясынын нугуна түшүп, электр зымдары зыянга учурап, аталган тилкедеги жолду жаап калган.

Жабыркагандар жок. Тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюлду. Аймактагы каттамдар убактылуу жабылды.

Жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.