Кара-Кечеде салынып жаткан айланма жолдун жалпы узундугу 3 чакырымга жетет

Кара-Кечеде салынып жаткан айланма жолдун жалпы узундугу 3 чакырымга жетет. “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришкендей, тоодон таштар дагы эле түшүп жатат.   Андыктан, трассанын курулушу кечигүү менен аткарылышы мүмкүн. Жаңы айланма жол 10-15 күндө колдонууга берилип калышы күтүлөт, — дешти мамлекеттик ишканадан. Эске салсак, 14-сентябрда Жумгалда Кара-Кече… Кененирээк…

Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу уланууда

Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу уланууда. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, имарат суук түшкөнгө чейин колдонууга берилет. Ал бир нече бөлүмдөрдөн турат.   Долбоорго ылайык, медициналык жай кышында жылуу, ал эми жайында салкын болот.   Андан тышкары, бардык палата жана иш кабинеттери тиешелүү жабдуулар менен камсыздалат. Өкмөттөн… Кененирээк…

Шайлоочулар тизмеге өзгөртүүлөрдү 20-сентябрга чейин киргизе алат

Шайлоочулар тизмеге өзгөртүүлөрдү 20-сентябрга чейин киргизе алат. Novosti.kgге БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эскерткендей, эгер жаран кандайдыр бир себептер менен шайлоо тилкесин өзгөрткүсү келсе, форма2 арызын толтуруп, шайлоо участкасына кайрылышы керек.   Андан тышкары, tizme.gov.kg порталы аркылуу дагы өзгөртсө болот, болгону ага электрондук кол тамга талап… Кененирээк…

Акыркы суткада COVID-19дан 107 адам айыгып чыкты

Акыркы суткада COVID-19дан 107 адам айыгып чыкты. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке жана Баткен облусуна туура келет. Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 41 миң 317ге жетти.

Кыргызстандыктар Швейцарияга кирүү чарасы жеңилдеди

Кыргызстандыктар Швейцарияга кирүү чарасы жеңилдеди. Эми биздин өлкөнүн жарандары аталган өлкөгө барганда 10 күндүк карантинге алынбайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү чечим Швейцария өкмөтү тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, Кыргызстан карантинге алына урган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды. Эми мекендештер виза жана башка… Кененирээк…

Түркия Кыргызстанга 100 миң доллар берет

Түркия Кыргызстанга 100 миң доллар берет. Бул акчалай жардам 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында берилүүдө. Суммага шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитор сатылып алынат. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Смартфондо геолокация функциясы өчүрүлгөн учурда дагы ээсинин кайсы жакта жүргөнүн аныктап коюуга мүмкүн

Смартфондо геолокация функциясы өчүрүлгөн учурда дагы ээсинин кайсы жакта жүргөнүн аныктап коюуга мүмкүн. «Прайм» басылмасы билдиргендей, кишинин кайсы даректе жүргөнүн жакынкы жердеги уюлдук байланыш станциялары аныктай алат. Ошондой эле телефондо мындай милдеттерди аткарган геолокация кызматынан башка дагы тиркемелер бар. Мисалы, жакын жердеги дүкөн, дарыкана, чачтарачкана… Кененирээк…

Ош шаарында заманбап таштанды челектери орнотулууда

Ош шаарында заманбап таштанды челектери орнотулууда. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, мындай жаңычылдыктар Курманжан-Датка көчөсүндөгү кесилиштерде 9 даанасы пайда болду. Мындай урналардын 360ы алынып келинди. Аларды тиешелүү жерлерге бөлүштүрүү жана орнотуу иштери улантылат.

АКШ коронавируска каршы вакцинасын октябрда массалык түрдө колдонуп баштайт

АКШ коронавируска каршы вакцинасын октябрда массалык түрдө колдонуп баштайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамп жарыялады. Анын айтымында, Америка ушул жылдын аягына чейин 100 миллион дозаны таратууга даяр. Белгилеп кетсек, АКШда препарат толук иштелип чыкса, ал коронавируска каршы дүйнөдөгү экинчи вакцина болуп калат. Буга чейин россиялык… Кененирээк…

Кочкор районунун Бугучу айылында жаңы мектеп пайда болот

Кочкор районунун Бугучу айылында жаңы мектеп пайда болот. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, учурда мектептин курулушу 60 пайызга аткарылды, имараттын чатыры жабылууда. Билим берүү мекемеси 150 орунга ылайык. Объекти былтыр октябрда салына баштаган. Долбоордун сметалык баасы 54,5 миллион сомду түзөт. Билим берүү мекемеси ушул… Кененирээк…