АКШ коронавируска каршы вакцинасын октябрда массалык түрдө колдонуп баштайт

АКШ коронавируска каршы вакцинасын октябрда массалык түрдө колдонуп баштайт.

Бул тууралуу президент Дональд Трамп жарыялады. Анын айтымында, Америка ушул жылдын аягына чейин

100 миллион дозаны таратууга даяр. Белгилеп кетсек, АКШда препарат толук иштелип чыкса,

ал коронавируска каршы дүйнөдөгү экинчи вакцина болуп калат. Буга чейин россиялык адистер

COVID-19ду алдын алуу үчүн биринчи вакцинаны чыгарган. Ал «Спутник V» деп аталып,

учурда өлкө аймактарына жөнөтүлө баштады.