Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектепти салуу иштери уланууда

Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектепти салуу иштери уланууда. Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, учурда жумуштар жарым жартылай аяктады. Учурда имаратта электромонтаждоо иштери аткарылууда. Билим берүү мекемеси 150 окуучуга чакталат. Долбоор Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашууда. Белгилеп кетсек, курулуш иштери былтыр октябрь айында башталган.

Товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулду

Товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулду. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, бул өлкөдөгү коммерциялык банктардын ишин убактылуу токтотулганына байланыштуу. Учурда товарлар сактоочу кампаларда. Алар банктар жана бажынын автоматташтырылган маалыматтык системасы ишин жандантканга чейин сакталып турат.

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу россиялык “Кант” авиабазасы күчөтүлгөн режимге өттү

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу россиялык “Кант” авиабазасы күчөтүлгөн режимге өттү. Бул массалык нааразычылыктардан улам провакацияга алдырбоо максатында жасалууда. Бул тууралуу Борбордук аскер округу түзүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ошол эле учурда авиабазада алдын ала пландалган бардык аскердик жана күнүмдүк даярдануу иш-чаралары толук өтүп жатат.

Ысык-Көл облусунда коомдук коопсуздукту милиционерлер менен биргеликте элдик кошуундар камсыздап жатышат

Ысык-Көл облусунда коомдук коопсуздукту милиционерлер менен биргеликте элдик кошуундар камсыздап жатышат. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, облустук милиция штаттык режимде иштеп жатат жана кызматты күчөтүлгөн режимде өтөөдө. Башкармалыктан белгилешкендей, Ысык-Көл облусунда жеке менчик объектилерди талап-тоноочулук катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Акыркы суткада медицина мекемелерине 169 адам жардам сурап кайрылды

Акыркы суткада медицина мекемелерине 169 адам жардам сурап кайрылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ордо калаадагы башаламандыкта жалпысынан 911 жаран кайрылды. Анын 705ине биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилди. 205 жаран ар түрдүү жараат менен ооруканага жаткырылды. 5 адам учурда жандандыруу бөлүмүндө. Бардык бейтаптарга керектүү… Кененирээк…

Ош шаарында абал тынч

Ош шаарында абал тынч. Түштүк калаадагы бардык мекеме-ишканалар кадимки режимде иштеп жатат, — дешти мэриядан. Митингге чыккандар жок, милиция коомдук тартипти сактоодо.   Ошто кечээ эртең менен башталган митинг түнкү саат 2ге чейин уланган.

МКК бир катар мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү убактылуу токтотту

МКК бир катар мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү убактылуу токтотту.   Ведомство маалыматына ылайык, Бишкектеги калкты тейлөө борборлору, паспорт столдору, калкты жана унаа каттоо бөлүмдөрү бүгүнтөн тарта иштебейт.   Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү төлөмдөрүн кабыл алууну мүмкүн кылган банк системаларынын иши токтотулганына байланыштуу. Даяр паспортторду берүү уланууда.… Кененирээк…

Бишкекте укук коргоо органдары кадимки режимде иштеп баштады

Бишкекте укук коргоо органдары кадимки режимде иштеп баштады. Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта Бишкек жана Чүйдүн бардык гарнизондорунун курамдары чогулду.   Эки күн бою милиция кызматкерлери формасы жок, катардагы жарандардын кийими менен иштеп жатты. Бүгүн бардыгы кызматтарга кайтып келип, коопсуздукту камсыздап жатат, — деди Ички… Кененирээк…

Улуттук банк акча которууларды убактылуу токтотууну сунуштады

Каржы уюмдарынын коопсуздугу үчүн акча каражаттарын которууну камсыз кылган улуттук жана эл аралык төлөм системаларынын иши убактылуу токтотулду. Улуттук банк каржы уюмдарын каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм системаларын онлайн форматка өткөрүүнү сунуштады.   Мындан тышкары өлкөнүн каржы-банк тармагынын коопсуздугун жана каржы-насыя уюмдарынын активдерин сактоо максатында, Улуттук… Кененирээк…

Акыркы сутка ичинде элдик кошуун жана митингчилердин кагылышуусунан  216 адам медициналык жардамга кайрылды

Акыркы сутка ичинде элдик кошуун жана митингчилердин кагылышуусунан  216 адам медициналык жардамга кайрылды. Бул тууралуу novosti.kgге шаардын саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык,  200 адамга биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин, алар амбулатордук дарыланууга жиберилди. 16 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинен 1 адам жандандыруу бөлүмүндө.