Улуттук банк акча которууларды убактылуу токтотууну сунуштады

Каржы уюмдарынын коопсуздугу үчүн акча каражаттарын которууну камсыз кылган улуттук жана эл аралык төлөм системаларынын иши убактылуу токтотулду. Улуттук банк каржы уюмдарын каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм системаларын онлайн форматка өткөрүүнү сунуштады.

 

Мындан тышкары өлкөнүн каржы-банк тармагынын коопсуздугун жана каржы-насыя уюмдарынын активдерин сактоо максатында, Улуттук банк каржы уюмдарын ишин 7-октябрда да токтото турууну сунуштады. Ошондой эле өлкөдө саясий кырдаал турукташканча коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды.

 

Башкы банктын маалыматына караганда, учурда улуттук «Элкарт» төлөм системасы нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү улантууда. Нак эмес жана аралыктан төлөө банк карточкалары, электрондук капчыктар, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемелери жана QR-коддорду ж.б. колдонуу менен ишке ашырылат.

 

Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.