Кара-Балтада күндүзгү стационарлар ачылууда
Кара-Балтада күндүзгү стационарлар ачылууда. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 20 орундуу стационар “Манас” спорткомплексинин административдик бөлүмүндө жайгашат. Анда керебеттер коюлуп, медициналык жабдуулар орнотулууда. Андан тышкары, шаарда кафе-ресторандарда, коомдук транспортто жана такси кызматтарында санитардык нормалардын сакталышына текшерүүлөр жүрүүдө.