Кытайдын Чжэнцзян провинциясынын тургуну Сяо Лю кыз менен жолугушуудан качып кетти

Кытайдын Чжэнцзян провинциясынын тургуну Сяо Лю кыз менен жолугушуудан качып кетти. Анткени, бийкеч жолугушуу боло турган ресторанга 23 тууганын ээрчите келген. Алар бир нече стөлдү ээлеп, дээрлик 3 миң долларга тамак-аш буйрутма беришти.   Муну көргөн Сяо Лю ресторандан качып жөнөдү. Кыз болсо, айла жок,… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 282 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 282 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 41, Ошто 101, Таласта 13, Чүйдө 26, Ысык-Көлдө 18, Жалал-Абадда 58, Баткенде 23, Нарында 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө  жалпысынан 46 миң 726 адам коронавирустан айыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Бугүн жана эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы болот. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан карга айланышы мүмкүн.   Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сомдон кошулушу күтүлөт

Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сомдон кошулушу күтүлөт.   Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, 810 сомду түзгөн “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулуна 300 сомдон кошулат.   Каражат 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет. Пособиени жогорулатуу… Кененирээк…

Бишкекте адистер жаздын камын көрүп баштады

Бишкекте адистер жаздын камын көрүп баштады. Ордо калаадагы клумбаларды даярдоо иштери аткарылды. Андан кийин 100 миңден ашык тюльпандын тамыры отургузулду.   Белгилеп кетсек, адатта жазында гүлдөп бүткөндөн кийин тюлпандардын тамырын “Бишкек жашыл чарбанын” адистери казып алып, кургатып, күздө кайра отургузушат.

Ордо калаанын айрым аймактарында бүгүн таза суу жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында бүгүн таза суу жок болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, кеп Алтын-Ордо жана Полиция шаарчасы тууралуу болуп жатат.   Аталган аймактарда суу азыр өчүрүлүп, кечки саат 6га чейин жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Нариман Тюлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруудан баш тартты

Нариман Тюлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруудан баш тартты. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Тюлеевдин мындай чечимине кечээ мэриянын алдында болгон башаламандыктар себеп болду.   Анда анын тарапташтары менен Тюлеевдин мэр болушуна каршы болгондор ортосунда жаңжал чыкты. Мэрдин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат.   Белгилеп  кетсек, мыйзам… Кененирээк…

Шайлоого катыша турган партиялар БШКга арыздарын бүгүнтөн тарта тапшырса болот

Шайлоого катыша турган партиялар БШКга арыздарын бүгүнтөн тарта тапшырса болот. Бул тууралуу novosti.kgге комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.   Ал белгилегендей, кайра добуш берүүдө процедуралардын жүрүшү сакталат, болгону мөөнөт кыскартылат. Үгүт кампаниясынын убактысы дагы кыска болот.   Эске салсак, Жогорку Кеңешке кайра шайлоолоор 20-декабрге белгиленди.… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, сумманын 86 пайызы тышкы болсо, калганы ички бересе. Өлкөнүн эң көп карызы Кытайдын Эксимбанкы алдында – 1 миллиард 776 миллион доллар.   Кыргызстандын бересеси пандемияга байланыштуу дагы өстү. Сырттан 338 миллион доллар алынды.… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринин веб-колдонуучулары үчүн көптөн күткөн функция ишке кирет

WhatsApp мессенджеринин веб-колдонуучулары үчүн көптөн күткөн функция ишке кирет. РИА Новостинин маалыматына ылайык, эми популярдуу мессенджерди компьютер аркылуу колдонгдондор үчүн аудио-видео чалуулар жеткиликтүү болот.   Экранда кадимкидей чалуунун белгиси чыгып калат, анда жооп берүү же чакырууну өчүрүп салуу мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы функция учурда тестирлөөдөн өтүп… Кененирээк…