“Ош” эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп баштады
“Ош” эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп баштады. Аба-майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аэропорттун аймагындагы аба-ырайы турукташты. Туман тарады. Андыктан, каттамдардын аткарылышына тоскоолдуктар жок. Аба-майдан каттамдарды жүгүртмөгө ылайык аткарып баштады. Белгилеп кетсек, буга чейин калың туманга байланыштуу, ички жана эл аралык каттамдар кармалган болчу.