Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери 1 миллион доллардан ашык суммада мамлекетке зыян келтиргени аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери 1 миллион доллардан

ашык суммада мамлекетке зыян келтиргени аныкталды. Башкы прокуратуранын

басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекетке пайдасы жок жеке компанияга

негизсиз жогору сумманы пландаштырып, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында

ири суммада келишим түзүлгөн. Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ошондой эле тиешелүү органдарга Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана

Билип туруп пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча

сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү тапшырылды