Шайлоо учурунда бюллетендерди сүрөткө тартууга тыюу салынат

Шайлоо учурунда бюллетендерди сүрөткө тартууга тыюу салынат. Бул тууралуу novosti.kgге  БШКнын укук бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу билдирди. Анын айтымында, бюллетенди сүрөткө тартуу менен шайлоочу комиссиянын талаптарын аткарбай, добуш берүү сырын бузган болот.

 

Шайлоо учурунда бюллетенди сүрөткө тарткан жаран 5,5 миң сомго айыпка жыгылып,  360 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат.