Ошто жаңы жылды кайрадан майрамдоону чечишти

Ошто жаңы жылды кайрадан майрамдоону чечишти. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу, балдарды топ-топко бөлүп куттукташууда.

 

Концерттер 31-декабрга чейин күн сайын өткөрүлөт. Алгачкысы кечээ өтүп, ага окуунун мыктылары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Аларга концерттен кийин таттуу белектер ыйгарылды.