Кыргызстан өзүн маанилүү 3 азык менен гана камсыздай алат

Кыргызстан өзүн маанилүү 3 азык менен гана камсыздай алат.

 

Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин бөлүм башчысы Анаркүл Бекболиева билдирди. Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугу тизмесине 9 продукция кирет.

 

Алар – нан, эт, кумшекер, бакча өсүмдүктөрү, картөшкө, мөмө-жемиш, жумуртка, сүт жана суу май. Кыргызстанда булардын ичинен бакча өсүмдүктөрү, сүт жана картөшкө гана жетиштүү көлөмдө өндүрүлөт. Калган азык-түлүктү импорттоо зарылчылыгы бар, — деди Бекболиева.