Кыргызстанда быйыл кайра иштетүү тармагында 60 жаңы ишкана ачылды
Кыргызстанда быйыл кайра иштетүү тармагында 60 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу Айыл-чарба министринин орун басары Бермет Турсуналиева билдирди. Ал белгилегендей, заводдор Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө, Нарында жана Чүйдө иштеп баштады. Ошондой эле, пандемия учурунда антисептик чыгарган ишканалардын саны 5тен 14кө чейин жетти.